Жаңылыктар
Шакиев: Тез арада коомдук жайлардын баарына камераларды орнотуу зарыл
Кыргызстан жаңылыктары

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында төрага Нурланбек Шакиев кыз-келиндерге жана бардарга карата жасалып жаткан зордук-зомбулук маселелерине токтолуп, коомчулукту тынчсыздандырган бул көйгөй күн сайын көбөйүп жатканын белгиледи.

“Ички иштер министрин чакырып, мындан терс көрүнүштөрдү жоюу жаатындагы чараларды күчөтүү талабын койдум. Айрыкча тез арада коомдук жайлардын бардыгына видео-көзөмөл жабдууларын орнотуу зарыл. Анткени, кыз-келиндерибиз зордук-зомбулукка кабылып, жаңы төрөлгөн ымыркайлар көчөгө ташталган окуялар күн сайын катталууда. Укук коргоо органдары баштаган тиешелүү мекемелер күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, коомчулукка коркунуч жараткан жагдайды жөнгө салуусу кажет”, – деди Нурланбек Шакиев.

Төрага ошондой эле борбор калаадагы дагы бир башкы көйгөй унаалардын тыгыны экенин айтты. “Бул багытта да калаа жетекчилиги жигердүү иш алып барып, керектүү чараларды кабыл алышы шарт”, – деп кошумчалады ал.