Жаңылыктар
ИДПнын көлөмү тарыхый деңгээлге жетет
Кыргызстан жаңылыктары
ИДПнын көлөмү тарыхый деңгээлге жетет

Ноябрдын аягына карата Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү тарыхый 1 трлн сомго жетүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. 2023-жылдын январь-октябрь айларында Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала баалоосу боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 919,1 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 104,5%ды түздү. 

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча 2023-жылдын ноябрь айынын үчүнчү он күндүгүндө өлкөнүн ички дүң продукциясынын номиналдык көлөмү 1 триллион сомдук тарыхый деңгээлге жетиши күтүлүүдө. Бул маанилүү учур өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү жана узак мөөнөттүү өнүгүү максаттарына ийгиликтүү жетишүү үчүн негиздерди түзүү үчүн жагымдуу шарттарды көрсөтөт. ИДПнын өсүшү өлкөнүн жарандарынын жыргалчылыгын жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу аркылуу Министрлер Кабинетинин максаттуу аракеттеринин натыйжасы болуп саналат. 

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2011-жылы ИДПнын деңгээлине 250 млрд сомго жеткен. Кийинки олуттуу көрсөткүчкө 6 жылдан кийин жетип, 2017-жылы ИДП эки эсеге өсүп, 500 млрд сомдон ашты. Үстүбүздөгү жылы ИДПнын эки эсеге өсүүсү менен кийинки көрсөткүчкө жетишилди жана ноябрь айынын аягына чейин 1 трлн сомдон ашат.