Жаңылыктар
Шаардык кеңештерге шайлоого 35 саясий партия ат салышат
Саясат
Шаардык кеңештерге шайлоого 35 саясий партия ат салышат

Шаардык кеңештерге шайлоого 35 саясий партия ат салышмай болду.

595 мандатка 7 миң 211 талапкер каттоодон өттү.

Ал эми Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуу укугуна 14 саясий партия ээ болду.

Алардын ичинде буга чейинки шайлоолорго катышкандар болсо, кээ бирлери көпчүлүккө  чоочун.

Ал эми  саясий партиялардын курамынын басымдуу бөлүгүн иштебегендер түзөт. Депутаттыкка талапкерге мыйзамга ылайык 3 гана талап коюлат.

Боршайкомдун маалыматына ылайык,  шаардык кеңештерге кезектеги шайлоо 21 шаарда жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо 1 шаардык кеңешке өткөрүлөт.


Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"