Жаңылыктар
Футбол: Кыргызстан 0:0 Бахрейн
Спорт
Футбол: Кыргызстан 0:0 Бахрейн

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Бахрейнге каршы жолдоштук беттешинде 0:0 эсеби катталды. 

Оюн Эр-Рифа шаарынын Bahrain National Stadium атындагы стадиондо өттү. 

Буга чейин эки курама 4 ирет кез келген. Бирок баардык таймаштарда Бахрейн жеңишке жетип келген. 

Бул жолкусунда Кыргызстан курамасы атаандашын жеңбесе да, 0:0 эсебинде тең чыкты.

Кошумчалай кетсек, ФИФАнын 20-октябрдагы жарыялаган рейтингинде Кыргызстан 99, Бахрейн 123-орунга жайгашкан. 

Болуп өткөн беттеш ФИФА календарындагы Кыргызстан курамасынын 101-оюну болуп калды.