Жаңылыктар
Акылбек Жапаров: 2030-жылга чейин ири суммадагы карызды төлөйбүз
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров: 2030-жылга чейин ири суммадагы карызды төлөйбүз

Министрлер абинетинин өрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөнүн тышкы карызын төлөөдөгү иштерге токтолду.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы ири маселе катары – тышкы карыздан четтеп кете албаарын, учурда карыз төлөөнүн эң жогорку тепкичке жеткенин билдирди.

“2030-жылга чейин ири суммалардагы карызды төлөйбүз: 2023-ж. – 344 млн долл, 2024-ж. – 400 млн долл, 2025-ж. – 430 млн долл, 2026-ж. – 390 млн долл. Тышкы карыз боюнча мамлекеттик саясат өзгөрөт”, – деди ал.

Акылбек Жапаров 2024-жылдын республикалык бюджеттинде бюджеттик колдоонун алкагында келүүчү насыялар жана гранттар боюнча суммалар жок экендигин, өлкө өзүнүн булактарына таянаарын кошумчалады.

“Мамлекеттик активдердин көбөйүшү – өлкө саясатында экономиканын туруктуу болушуна түптүү негиз. 2023-жылдын 6 айында мамлекеттин активдери 712,9 млрд. сомду түздү. 2015-жылга салыштырсак, 21,4 эсеге көптүк кылат”, – деп сөзүн жыйынтыктады Акылбк Жапаров.