Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү! Төө-Ашуу жана Чоң-Ашууда аба - 20 градуска чейин сууктайт
Өзгөчө кырдаал
Шашылыш билдирүү! Төө-Ашуу жана Чоң-Ашууда  аба - 20 градуска чейин сууктайт

 16-17-ноябрда  Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана  тоолуу райондордо  каар  жаашы күтүлүүдө. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда  жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.  Бул тууралуу КР ӨКМдин алдындагы  Гидрометеорология боюнча агенттиги  билдирди.

Зымдарга жана бактарга суу кар токтоп, тоскоолдуктары жаратат. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүлөрү пайда болорун билдирет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши белгиленүүдө. 

КР ӨКМдин алдындагы  Гидрометеорология боюнча агенттигинин  директору Зарылбек Итибаев билдиргендей, Төө-Ашуу, Чоң-Ашуу ашууларында  абанын температурасы  - 20 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө. 

Бишкек жана Ош  шаарларында  16-17-ноябрда нөшөрлүү жаан, кар жаашы күтүлүп, батыштан соккон шамаалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетиши кутүлүүдө,  абанын температурасы түнкүсүн 0 градустан  төмөндөйт.16-17-ноябрда белгиленип жаткан туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатаарын эскертебиз.