Жаңылыктар
Бажы кызматы биринчи жолу 100 миллиарддык чекти өттү
Экономика
Бажы кызматы биринчи жолу 100 миллиарддык чекти өттү

Бажы кызматы биринчи жолу 100 миллиарддык чекти өттү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

Айтымында, 2024-жылы Бажы кызматы бажы төлөмдөрү боюнча пландын аткарылышын 117,4 млрд сомго камсыз кылышы керек. Бул быйылкы бекитилген көрсөткүчтөн 22,7 млрд сомго көп.