Жаңылыктар
Парламент 2024-жылга республикалык бюджеттин долбоорун жактырды
Саясат
Парламент 2024-жылга республикалык бюджеттин долбоорун жактырды

Келерки жылы энергетика тармагына 74,9 млрд сом, ал эми мамлекеттик ипотекалык компанияга 1 млрд сом бөлүнөт. Бул өз кезегинде тармактарды чыңдоого, калктын ипотекага жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат жана өлкөдө жакынкы эки жылда 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылып иштей баштайт. Жалпысынан Министрлер Кабинети келерки жылга быйылкыдан да амбициялуу максаттарды коюп жатат. 

Ички дүң өнүмдү бир триллиондон ашырууну көздөөдө. Парламент 2023-2024-жылдарга республикалык бюджети жөнүндө мыйзам долбоорлорун, 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётту талкуулап, колдоп берди.