Жаңылыктар
Чек арадагы Капчыгай айылы бир жыл аралыгында заманбап болуп, кайра түптөлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Чек арадагы Капчыгай айылы бир жыл аралыгында заманбап болуп, кайра түптөлдү

Баткен облусунун чек арадагы Капчыгай айылы жаңы генплан менен заманбап болуп, кайра түптөлгөн айыл. Анткени өткөн жылдагы куралдуу кол салууда айылдыктардын турак жайы толугу менен талкаланып, өрттөлүп, соцалдык обьектилер күйүп, күлгө айланган болчу. 

Эми минтип бир жыл аралыгында элеттин турмушу кайрадан жанданып, калыбына келди. Учурда айылда мектеп, бала бакча өңдүү курулуштар аяктап ачылуу алдында турат.