Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Азербайжанга келди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Азербайжанга келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда, БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Азербайжан Республикасына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчынын борту Бакунун Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортуна конду.

Аэропорттун флагштокторуна СПЕКАга мүчө мамлекеттердин желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Биринчи вице-премьер-министр Эюбов Ягуб Абдулла тосуп алды.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргызстандын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев;

- Кыргызстандын Швейцариядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси - Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Омар Султанов;

- экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев.