Жаңылыктар
Транспорт министрлиги бийик тоолуу ашуулардагы абал боюнча маалымат берди
Кыргызстан жаңылыктары
Транспорт министрлиги бийик тоолуу ашуулардагы абал боюнча маалымат берди

Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, жол ачык. Буга чейин Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат алынды. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат. Каракол-Эңилчек жолунун Чоң-Ашуу жана Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда бороон болууда, бирок каттам ачык. Транспорт министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.