Жаңылыктар
Ысык-Көл: кардын көптүгүнөн карышкырлар көбөйүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл: кардын көптүгүнөн карышкырлар көбөйүп жатат

2015-жылы Ысык-Көл облусунун малчылары 40ка жакын бодо мал жана 60тан ашык кой,эчкилерин карышкырга алдырышкан. Мындан улам атайын мергенчилерден түзүлгөн топтор жыл ичинде 59 карышкырды атып жоготушкан. Быйылкы жылы карышкырларга каршы иш-чара эрте башталып облус аймагында 9 мергенчилер тобу иштөөдө.

Белгилей кетсек быйылкы жылы кар көп түшкөндүктөн карышкыр, чөөлөр айыл ичине чейин кирип келген фактылар катталып жатат. Учурда мамлекет тарабынан бир карышкырга 6 миң сомдон бериле баштады. 

Бирок мергенчилер бул каражат кеткен чыгымды актабайт деп жеке тараптарга атылган карышкырларды 10 миң сомдон жогорку баага сатып жатышат.