Жаңылыктар
Талапка жооп бербеген 28 мал союучу жай убактылуу жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
 Талапка жооп бербеген 28 мал союучу жай убактылуу жабылды

Ветеринардык кызмат өлкөдөгү 100 мал союучу жайды текшерип, ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген 28 жайды убактылуу жапты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматтарга караганда, Ысык-Көл облусунда бир мал союучу жайдын эч жерде каттоодо турбагандыгы, көп жылдан бери мыйзамсыз иштеп келгени аныкталды. Ал жерде союлган малдын эти Бишкекке жөнөтүлүп турганы да айтылды. Ветеринардык кызмат мындай текшерүүлөрдү республика боюнча жүргүзүп жатканы айтылды. 23-ноябрда Ала-Тоо 24 каналы ветеринардык кызматынын Бишкектеги мал союучу жайларга жүргүзгөн рейдди чагылдырып, анда санитардык талаптарга жооп бербей турган дагы бир мал соючу жайды аныкталганы, анын негизинде ошол жай жабылып, документтер тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилгени айтылган.