Жаңылыктар
Жарандарды турак жай менен камсыз кылуу
Кыргызстан жаңылыктары
Жарандарды турак жай менен камсыз кылуу

Келерки жылы өлкө аймактарында ипотека үчүн көп кабаттуу үйлөр курула баштайт. Учурда мындай жумуштар Бишкек шаары менен Жалал-Абадда жүрүп жатат. Ипотекалык насыялоону ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен да каражат бөлүнөт.

Жыйырма беш жаштагы Асанбек Узенбаев турак-жайлуу болуунун камын көрө баштады. Бул үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кеңсесине келип, кеңеш сурап кайрылды.

“Баштапкы төлөм үчүн каражат чогултуп койгонбуз. Ипотека бизге абдан ыңгайлуу болот экен. Жыйырма беш жылга беришет экен жакшы шарты менен”.

Мамлекет ипотекалык насыялоонун ири долбоорун баштаган. Турак-жай алууну каалаган жаран аны өз алдынча издебей, мамлекет курган үйдөн батир сатып алат.