Жаңылыктар
Нарын аэропорту ачылышын күтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын аэропорту ачылышын күтүүдө

1964-жылы ишке берилген Нарын аэропорту 33 жылдан кийин кайрадан аба каттамдарын жандантат. Учурда реконструкциядан өткөн Нарын аэровокзалынын жаңы имаратынын курулушу бүткөрүлдү. Ал эми аэропорттун учуп-конуу тилкесинин жолун асфальттоо иштери 90 пайызга аяктады. 

Калган бөлүгү күн сууктагына байланыштуу келерки жылда жасалып, жаз алды менен аэропортту колдонууга берүү пландалууда.