Жаңылыктар
Окуучуларды ысык тамак менен камсыздоо
Кыргызстан жаңылыктары
Окуучуларды ысык тамак менен камсыздоо

Бишкекте КМШ өлкөрүнүн мектеп тамак-ашы боюнча биринчи форуму жыйынтыкталды. Анын алкагында КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-ашы боюнча эл аралык форумун жыл сайын өткөрүү жөнүндө биргелешкен декларация кабыл алынды. Иш-чарага КМШ мамлекеттеринин тиешелүү мекемелеринин жетекчилери, бул чөйрөдөгү алдыңкы эл аралык институттардын жана илимий, эксперттик жана коммерциялык уюмдардын өкүлдөрү катышты. 

Катышуучулар мындай форум - мектеп тамак-ашы программаларын ишке ашырууда натыйжалуулукту жогорулатуу жөнүндө пикир алмашуу үчүн салттуу аянтча болуп калат деген пикирлер айтылды.