Республика боюнча буга чейин 35 калкты тейлөө борборлору ачылган. Бул жарандарга бир топ ыңгайлуу болуп, аларды тейлөө убактысы үнөмдөлүшүнө да шарт түзөт. Мындай борбор эми Чолпон-Ата шаарында дагы, элге кызмат кыла баштады. Мында мамлекеттик каттоо кызматынын 40тан ашык түрү көрсөтүлөт.