Жаңылыктар
Газа секторунан эки кыргызстандык эвакуацияланды
Кыргызстан жаңылыктары
Газа секторунан эки кыргызстандык эвакуацияланды

Газа секторунан эки кыргызстандык эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. 

КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, аталган аймактан 24-ноябрда Египет аркылуу Каир-Москва каттамы менен Кыргызстандын эки жараны ийгиликтүү эвакуацияланды. Тышкы иштер министрлиги Газа секторунан кетүүнү каалаган кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча иштерди мындан ары дагы улантат.