Жаңылыктар
Президент Бишкекте ипотекага бериле турган үйлөрдүн курулушун текшерүүгө алды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Бишкекте ипотекага бериле турган үйлөрдүн курулушун текшерүүгө алды

Президент Садыр Жапаров Жапаров Бишкекте мамлекеттик ипотекага бериле турган үйлөрдүн курулушунун жүрүшүн пландан тышкары текшерди. 

Мамлекет башчысына көп кабаттуу үйлөрдүн он бири толук бүткөрүлүп, келерки жылдын сентябрында колдонууга тапшырыла турганы маалымдалды. Он бир көп кабаттуу үйдүн ар бири 18 кабаттуу, анда жалпы 986 батир бар. Курулуш жүрүп жаткан аймакта 39 көп кабаттуу үй курулат жана мамлекеттик ипотека программасы аркылуу жеңилдетилген шартта жарандарга берилет. Президент курулуп жаткан үйлөрдүн сапатына өзгөчө көңүл буруу керек экенин баса белгиледи.