Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Кой-Таш аскер бөлүгүнө барды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Кой-Таш аскер бөлүгүнө барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда Кой-Таш аскер бөлүгүнө барды. Мамлекет башчысы аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык базасынын, анын ичинде жоокерлердин жашоо шарттары менен таанышты.

Президент Садыр Жапаров аскер бөлүктөрүнүн кыдыруусунун башкы максаты - аскердик милдетин өтөп жаткандардын тамактануу рациону менен таанышып, жоокерлердин тамак-ашы белгиленген нормада берилишине көңүл буруу.