Жаңылыктар
Профсоюздар федерациясынын эсебинен санаторийлерге жолдомо берүүгө мораторий киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Профсоюздар федерациясынын эсебинен санаторийлерге жолдомо берүүгө мораторий киргизилди

2028-жылга чейин профсоюздар федерациясынын эсебинен санаторийлерге жолдомо берүүгө мораторий киргизилди. Муну шарттаган токтомго Президент Садыр Жапаров кол койду. 

Документте эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун эсебинен Кыргызстандын бардык аймагында санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомолорду берүүгө мораторий киргизилери жазылган. Фондго түшкөн каражат санаторийлердин курулушуна жана аларды оңдоого, алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат. 

Андан тышкары Кесиптик кошуундар федерациясына ушул жылдын аягына чейин алардын менчигинде турган санаториялык-курорттук мекемелердин баарын Президенттин иш башкармалыгына убактылуу акысыз пайдаланууга берүү сунушталды. Алардын тизмеси бир жумада такталат.