Жаңылыктар
УКМК: Сойкуканалардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Сойкуканалардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканалардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Кылмыштуу ишмердүүлүктү колдоого багытталган каржылоо булактарын жоюу жана акча агымын азайтуу максатында интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканалардын бүтүндөй тармагы аныкталып, бөгөт коюлду. 

Белгилүү болгондой, жаш кыздарды тартуу менен жана аларды зыяндуу таасирге дуушар кылуу менен сойкулукту уюштуруп, “калкалоочулук” кылган кылмыштуу элементтер ачыкталды. Бишкекте 10 сойкукана, анын ичинде массаж салонуна жамынып, иш жүзүндө интимдик кызмат көрсөткөн жайлар аныкталды. 10 сойкукананын уюштуруучусу жана ээлери, ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18ден 30 жашка чейинки 70 кыз, алардын арасында борбордогу ЖОЖдордун студенттери да кармалган. 

Сойкуканаларда администраторлор иштеп, алар иштеген убактынын жана кардарлардын эсебин алып турганы аныкталды. Ал эми тинтүү учурунда бул мекемелердин ишинин мүнөзүн ачык көрсөткөн интимдик мүнөздөгү ар кандай буюмдар табылган. Мындай мыйзамсыз иштерди уюштурууга же жасоону көздөп жүргөн адамдарга профилактикалык таасир көрсөтүү, ошондой эле бөгөт коюу чарасы катары УКМК кармалган сойкуканалардын ээлеринин жана анда иштеген кыздардын сүрөттөрүн жарыялайт.