Жаңылыктар
Тамактануучу жайларда тамеки чегүүгө жол жок
Кыргызстан жаңылыктары
Тамактануучу жайларда тамеки чегүүгө жол жок

Бишкекте быйыл жыл башынан бери коомдук тамактануучу жайда тамеки чегүүгө тыюу салган эреженин бузулушуна байланыштуу дээрлик миллион сом айыппул салынды. Мындай маалыматты Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттен билдиришти. 

Бишкекте 11 ай ичинде жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгында 74 протокол түзүлүп, салынган айыппулдун жалпы суммасы 962 миң сом болду. Эреже бузган коомдук тамактануучу жайлардын ээлерине тамекини жарнамалоо да мыйзам бузуу болуп эсептелинери эскертилди.