Жаңылыктар
Кыргыз - Жапон биргелешкен ишканалары ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз - Жапон биргелешкен ишканалары ачылат

Кыргызстанда япон ишкерлери менен биргелешкен ишканалар салынып, бизнес долбоорлор ишке ашат. Япониянын ири компанияларынын бири Ротобонун өкүлдөрү Бишкекке келип, ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз ишкерлери айыл чарба, энергетика, өндүрүш тармагындагы бир катар долбоорлорду сунушгтады. 

Япон тарап кызыгуусун арттырып айрымдары менен келишимдер түзүлдү. Эскерте кетсек өткөн Аптада эле Президент Садыр Жапаров Японияга сапары менен барганда Токиодогу Ротобо компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, алар келечектеги пландары менен бөлүшкөн. 

Эми алар борборго келип кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап, бир катар жолугушууларды өткөрдү. Өзгөчө аймактарды өнүктүрүү максатында Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл аймагындагы бир катар объектилерди ишке киргизүү боюнча конкреттүү пландар айтылды.