Жаңылыктар
“Келечек” жаш лидерлердин республикалык мектеби эшигин ачты
Кыргызстан жаңылыктары
 “Келечек”  жаш лидерлердин республикалык мектеби эшигин ачты

“Келечек” деп аталган жаш лидерлердин республикалык мектеби эшигин ачты. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты. Аталган мектепте окуу үчүн 17 жаштан 25 жашка чейинки 100 жаш лидер тандалып алынган. 

Алардын ичинен 45и аймактардан, 55и Бишкектен. Алар: мектеп окуучулары, студенттер жана жаш мамлекеттик кызматкерлер. Бир жуманын ичинде семинар-тренингдерге катышып, ар кандай ийгиликтүү ишканаларды кыдырып, ири ийгиликтерди багындырган инсандардын тажрыйбасын үйрөнүшөт. Мектепте окуунун жыйынтыгы менен катышуучуларга сертификат берилет.