Жаңылыктар
Кыргыз-жапон биргелешкен ишканалары ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-жапон биргелешкен ишканалары ачылат

Кыргызстанда Япония менен биргелешкен бир катар өндүрүш мекемелери ишке кирет. Аймактардан келген ишкерлер бүгүн Япониядагы белгилүү Ротобо ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолукту. Анда энергетика, айыл-чарба, өндүрүш багыттары боюнча даяр долбоорлор сунушталды. Япон ишкерлери өлкөдөгү долбоорлорго кызыгып, чогуу ишке ашыруу боюнча оюн билдирди.