Жаңылыктар
Түркияда Кыргызcтандын маданият күндөрү өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Түркияда Кыргызcтандын маданият күндөрү өтүүдө

Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүүдө. Саамалык Кыргызстандын эгемендигинин 32 жылдыгына, Түркиянын 100 жылдыгына жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналды. Иш-чаранын алкагында өнөр адамдарынын концерттик программасы, кыргыз киносунун күндөрү, маданий жана адабий алакаларды камтыган жолугушуулар, сүрөт, улуттук кийим жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өтүүдө.