Жаңылыктар
Кыргызстандын ички дүң продукциясы 1 триллион сомдон ашты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын ички дүң продукциясы 1 триллион сомдон ашты

Бул маалымат Экономика жана коммерция министрлигинин сайтына жарыяланды. Анда ИДП 1 триллион 15,2 миллиард сомду түзгөнү жазылган. Эскерте кетсек, өткөн аптада Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ИДПнын көлөмүн 1 триллион сомго жеткирүүнү пландап жатканын айткан. 

«Бул тарыхый учур. Инфляцияга карабастан, эмгек акынын реалдуу бөлүгү өсүүдө. Мамлекеттик банктарды күчтөндүрүп, алардын уставдык капиталын көбөйттүк, ал 100 миллион доллардан ашты», - деп билдирген министрлер кабинетинин төрагасы.