Үйлөнүү тойдун форматын өзгөртүү боюнча кереге кеңеш өттү. Ага төрт муундан 60тай тамада, маданият өкүлдөрү, коомдук ишмерлер катышты. Демилгечилер улуттун каада-салт, наркын сактоо менен, сарамжал той өткөрүүнүн оптималдуу вариантын иштеп чыгууну көздөшүүдө?