Жаңылыктар
Садыр Жапаров жаштар менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров жаштар менен жолукту

Кыялындагыдай Кыргызстанды курууга өлкөдөгү жаштардын үмүтү зор. Ар кайсы облустан, Ош, Бишкек шаарларынан келген жаштар - Президенттин катышуусунда өткөн форумда пландары менен бөлүштү. Миңдеген келечек муундун өкүлдөрү, түрдүү кесиптен ийгиликке жеткендер, учурда билим алып жаткандар жана мектеп окуучуларынан баштап өлкөнүн сыймыгына айланган спортчуларга чейин келип, өнүккөн өлкөнүн багыттары боюнча пикирин билдирди.