Жаңылыктар
Табигый кырсыктардан сак бололу
Өзгөчө кырдаал
Табигый кырсыктардан сак бололу

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги былтыркы жер титирөөдөн жабыркаган Ош облусунун тургундарына 130 мобилдүү турак үйдү 178 үй-бүлөгө куруп берди. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин катышуусунда өткөн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жыйынында маалым болду. 

Аталган министрлик тарабынан жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн атайын эсеп ачылган. Эсепке: мамлекеттик органдардан, мекемелерден жана жөнөкөй жарандардан 52 млн. 405 миң сом жана 51 миң 300 доллар акча каражаты которулган. 2014-жылга салыштырмалуу өзгөчө кырдаал жаралган абал 29%  көбөйгөнү менен адам өмүрүнө зыян келген учурлар азайган. Келтирилген материалдык чыгым 2млрд сомго чамалаган . Жалпы материалдык чыгымдын ичинен эң орчундуусун республиканын аймагында 2015-жылдын 17 жана 19-ноябрындагы күчү 6-7 баллга жеткен жер титирөө түзгөн. 

Мындан сырткары, коркунучтуу табигый, техногендик процесстерге жана кубулуштарга карата жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы туурасында сөз болду. Изилдөөнүн жыйынтыгында: кооптуу табигый процесстер күтүлүүчү аймактардагы изилдөөлөр, 2014-жылга салыштырмалуу 58% көп жүргүзүлгөн.