Жаңылыктар
Бишкек мэри Ала-Тоо аянтынын аймагын кыдырып, балатынын орнотулушу менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек мэри Ала-Тоо аянтынын аймагын кыдырып, балатынын орнотулушу менен таанышты

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев баш калааны көрктөндүрүү маселеси боюнча кыдыруу өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар башчысы Ала-Тоо аянтынын аймагын кыдырып, борбордун башкы балатысынын орнотулушу менен таанышты.

Калаа башчысы кыдыруу учурунда төмөнкү тапшырмаларды берди:

- шаардын бирдиктүү стилин иштеп чыгуу жана борборду жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштердин сапатына басым жасоо;

- "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы эски системанын чегинен чыгып, көрктөндүрүүдө заманбап ыкмаларды колдонуп, борбор калаанын эстетикалык көрүнүшүн эске алуу менен күзгү-кышкы бутоо иштерин жүргүзүү, ошондой эле "Ак үйдүн"периметри боюнча сейил бактардын жана скверлердин ландшафттык дизайнын иштеп чыгуу;

- "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына 2024-жылы Раззаков көчөсүндөгү тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү;

- туунун айланасындагы тосмолорду эстетикалык көрүнүшкө ылайык келтирүү, анткени бул аймак шаардын борбору болуп саналат;

- Ала-Тоо аянтынын аймагындагы гүл идиштердин эстетикалык көрүнүшүн шайкеш келтирүү;

- борборду натыйжалуу көрктөндүрүү системасын иштеп чыгуу;

- келечекте шаардын бардык аймагында окшош долбоорлорду колдонуу.