Жаңылыктар
Президент Атамбаев Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды
Билим
Президент Атамбаев Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Гүлмира Кудайбердиева Мамлекет башчысына жогорку билим берүү системасында реформаларды жүргүзүү, жогорку окуу жайлар түйүндөрүн этап-этабы менен заман талабына ылайыктоо жана алардын уюштуруу-башкаруу түзүмүн өркүндөтүү боюнча алдыдагы иш багыттары тууралу маалымат берди.

 Президент бул чөйрөдөгү реформалар билим берүү сапатын арттырууга, коррупцияны жоюуга жана мамлекет берген каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталыш зарылдыгын белгиледи.