Жаңылыктар
А.Жапаров Лондондун Лорд-мэри Майкл Майнелли менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
А.Жапаров Лондондун Лорд-мэри Майкл Майнелли менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы -Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Лондон шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Лондон шаарынын Лорд-мэри, “City of London” корпорациясынын башчысы Майкл Майнелли менен жолукту. Акылбек Жапаров “бизнес чөйрөсүн жакшыртуу, каттоо жана лицензиялоо процедураларын жөнөкөйлөтүү, чет элдик инвесторлор үчүн административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. 

Азыркы этапта бизде чет элдик инвесторлорду тартуу боюнча жигердүү иштер аткарылууда. Майнелли мырза, Сиз аркылуу мен британиялык инвесторлорду жана ишкерлерди эки тарапка тең пайдалуу шарттарда кызматташууга чакырам”, - деди. 

Өз кезегинде Майкл Майнелли британ компаниялары өз кеңселерин буга чейин Кыргызстандын аймагында ачканын жана мындай багыттагы иштер улантылаарын айтып, эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташуусу жогорку деңгээлге жетээрине ишенээрин билдирди.