Жаңылыктар
Эл аралык инвестициялык банк менен кызматташуу
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык инвестициялык банк менен кызматташуу

Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Лондон шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында "Citi Group" эл аралык инвестициялык банкынын аткаруучу директору Грант Карсон менен жолукту. 

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров "Citi Group" банкы эң ири эл аралык финансылык конгломераттардын бири, финансылык кызмат көрсөтүүлөр жана таасирдүү активдерди башкаруу чөйрөсүндө дүйнөлүк лидерлердин тизмесине киргенин айтып, Кыргызстан бул багытта өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түзүүгө кызыкдар экенин билдирди. 

Өз кезегинде "Citi Group" эл аралык инвестициялык банкынын аткаруучу директору Грант Карсон, айтылган маселелер боюнча иштешүүгө даяр экенин жана банктын -- дүйнөнүн бардык аймактарында иш алып баруусу "Citi Group" үчүн натыйжалуу экенин белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында Финансы министрлиги менен "Citi Group" эл аралык инвестициялык банкынын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.