Жаңылыктар
Лейлекте ирригация тутуму жакшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Лейлекте ирригация тутуму жакшырды

Лейлек районунун Айбике айылында Танги-Айбике сугат суу долбоору ишке ашты. Курулушка 30,4 млн сом жумшалды. Алтын-Бешик тоолорунан айылга чейин 5,5 км аралыкка жер асты менен суу алынып келинди. 

Натыйжада Айбике айылындагы 628 гектар бош жаткан талааларга суу жетип, өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү жаралды. Бул долбоор Баткен облусун өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан бөлүнгөн 500 млн сомдун алкагында жүрдү.