Жаңылыктар
Профсоюз лидерлери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Профсоюз лидерлери кармалды

Ысык-Көлдүн жээгинде профсоюздар федерациясынын карамагындагы “Ала-Тоо” эс алуу жайынын жер тилкеси Камчы Көлбаевдин адамдарына өтүп кеткени аныкталып, буга байланыштуу төрт киши кармалды. 

Мындай маалыматты УКМК билдирди. 2014-жылы Кесиптик кошуундар федерациясынын айрым мүчөлөрү Чолпон-Атадагы “Ала-Тоо” эс алуу жайынын 2,34 гектар жерин федерациянын менчигинен мыйзамсыз чыгарып, кийин бул мекемеге пайдасыз шартта Көлбаевдин адамдарына сатып жиберишкен. Кийин Көлбаевге байланышкан «Имиж Строй» компаниясы ал жерге «Каганат» комплексин курган. “Кылмыштуу аракеттерден улам жумушчулардын ден соолугун чыңдоо жана эс алуу укугу бузулуп, көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчыбек Асанбектин жакын адамдарына гана VIP коттеждерди куруу үчүн пайдаланылган”, - деп билдирди УКМК. 

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында төрт киши кармалды. Алар - Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун Борбордук комитетинин төрагасы, Машина куруу жана башка тармактардын жумушчуларынын кесиптик кошуунунун республикалык комитетинин төрагасынын орун басары, Токой чарба кызматкерлеринин республикалык комитетинин төрагасы жана “Ала-Тоо” эс алуу үйүнүн мурдагы директору.