Жаңылыктар
Акылбек Жапаровдун Улуу Британияга болгон жумуш сапары аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаровдун Улуу Британияга  болгон жумуш сапары аяктады

Акылбек Жапаров баштаган кыргыз делегациясынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Лондон, Кардифф шаарларына болгон жумуш сапары аяктады. Сапардын негизги максаттары ишке ашты.

Кыргыз өкмөтү биринчи жолу Улуу Британияга британ бийлиги жана ишкерлер коомчулугу менен чогуу, түзмө-түз отуруп баарлашып, пикир алмашып, эки тараптуу кызматташунун кыска жана узак мөөнөттүү перспективаларын аныктап алды.

Сапардын эң негизги максаты Улуу Британиянын ишкерлер коомуна Кыргызстандын инвестициялык дараметин ачуу эле. Өлкө дарамети боюнча кеңири маалымат берилди жана Улуу Британияга Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.

Маселен, азыркы учурда тоо-кен тармагында критикалык минералдар маселеси курч турат. Ковидден кийин дүйнөдөгү бардык башка мамлекеттер жашыл экономикага умтулуп жатат жана анын негизги кыймылдаткычы жашыл технологияларды колдонуу болууда. Ал жашыл технологияларды үзгүлтүксүз чыгарууда, критикалык минералдар же болбосо сейрек кездешүүчү минералдар муктаждыгынын жогорулашы.

Мисалы Европа комиссиясы ушул жылдын март айында стратегиялык критикалык минералдар жөнүндө атайын акт кабыл алган. Ал акт 34 элементти камтыды, анын ичинен 17си стратегиялык макамга ээ мүнөздөлгөн. Белгилей кетсек, бул стратегиялык макамдагы минералдар Кыргызстанда жетиштүү көлөмдө бар. Кыргыз делегациясы ушул тармакта Улуу Британиянын ишкерлери менен кызматташууну белгилеп алды.

Эң негизгиси ушул көйгөйгө арналган 3 эл аралык конференциялар болуп өттү. Алар “Майнекс Евразия 2023”, бүткүл дүйнөдөгү инвесторлорду жана тоо-кен компанияларынын өкүлдөрүн бир аянтчага чогулткан Европадагы эң ири “Mines and Money/Resourcing Tomorrow” конференциясы, андан кийин дагы бир Критикалык минералдар боюнча тегерек стол.

Ушул 3 маанилүү эл аралык иш чараларда катышкан ишкерлерге Акылбек Жапаров Кыргызстандын потенциалы тууралуу кенен маалымат берди.

Анын арты менен, Бишкекте 2024-жылы июнь айында “Майнекс Орто Азия” эл аралык конференциясын Улуу Британиянын ишкерлери менен биргеликте өткөрүү боюнча сүйлөшүлдү.

Ошондой эле, биздин социалдык экономикалык инфрастуруктарлык кызматташууда негизги өнөктөш - Евразия өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы. Ал банкттын штаб-квартирасы Лондондо жайгашкан. ЕБРР менен 3 маанилүү келишимге кол коюлду.

Анын бири жол тармагындагы Ысык-Көл аймагындагы автожолду куруу. Бул биздин экономикада приориттетүү маниге ээ. Мындан тышкары ЕБРР жаңы биздин экономикага таасир бере турган бир катар долбоорлор боюнча сүйлөшүү болду. Алар, Кыргызстандын электр камсыздоосун санариптештирүү, ошондой эле Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздоо тутумдарын реабилитациялоо.

Мындан тышкары жакшы майнап катары, “Citi Group” банк, “ICBC Standart Bank Plc” банкы менен жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кызматташуу боюнча документтерге кол коюлганын белгилеп кетүү керек.

Британиялык компаниялар менен дагы келишимдерге кол коюулду. “Чаарат Заав”, “MINEX” жана “United Concrete Canvas” компаниялары менен биргелешип иш алып бара турган болдук.

Лондон фондулук биржасы, Лондон металлбиржасы менен дагы тыгыз иш алып баруу боюнча сүйлөшүү болду. Атап айтканда, Кыргызстандын түстүү металлдарын дүйнөгө, анын ичинде Британиянын рыногуна Лондон металл биржасы аркылуу чыгаруу потенциалы.

Каржы жана эл аралык уюмдардан сырткары, Улуу Британиянын мамлекеттик кызматтары менен дагы документтерге кол коюлду. Маселен, Кыргызстандын Геологиялык кызматы менен Улуу Британиянын Геологиялык кызматынын ортосунда кызматташуу жөнүндөгү документ эки өлкөнүн ведомстволор аралык кызматташуусун активдештирүүгө түрткү берет.

Буга чейин макулдашылган жана дагы алдыда боло турган макулдашууларды ишке ашыруу үчүн Парламент депутаттары, Улуу Британиянын Тышкы иштер министри, Лондон шаарынын Лорд-мэри баштаган британ бийлигинин өкүлдөрү менен жакындан сүйлөшүү болду.

Дагы айта кетүүчү жагдай Кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин алгачкы отуруму болду. Буюрса бул кеңеш эки мамлекеттин ишкерлеринин башын бириктирген аянтча болуп калаарына ишенебиз.

Тышкы экономикалык саясатта инвесторлорду өзүбүздүн өлкөбүздө күтпөй, инвесторлордун аркасынан өзүбүз барып, чуркап сүйлөшүп, жаңы ыкмаларды колдонууга багытталууда. Анткени учурда инвестор үчүң күрөш жүрүп жатат.

Инвесторлорду кызыктырыш үчүн алар менен жолугуп, өзүбүз барып айтып беришибиз зарыл. Бул иштер Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун Министрлер Кабинетине койгон экономикалык максаттардын жана инвесторлорду тартып келүү милдеттеринин алкагында жүрүп жатат.