Жаңылыктар
Пекинден Бишкекке түз аба каттам ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Пекинден Бишкекке түз аба каттам ачылат

Кытай менен Кыргызстандын ортосунда жаңы түз аба каттамын ачылат. Бул тууралуу Кытайдын Бишкектеги элчилигинен билдиришти. Дипломатиялык өкүлчүлүктөн белгилешкендей, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен Садыр Жапаровдун ортосунда жетишилген маанилүү макулдашууларды ишке ашыруу максатында Кытай менен Кыргызстандын тиешелүү органдары консультацияларды өткөрүп, эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамын ачуу боюнча бир пикирге келишкен. 

Ошентип, 2024-жылдын биринчи кварталында Пекин - Бишкек - Пекин маршруту боюнча жаңы аба каттары ачылат. Ошондой эле 2023-жылдын декабрында Чэнду - Бишкек - Чэнду каттамы жүзөгө ашырылат.