Жаңылыктар
"Түрксойдун" алтын медалы Болот Шамшиевге ыйгарылды
Маданият
"Түрксойдун" алтын медалы Болот Шамшиевге ыйгарылды

Кинорежиссёр, СССРдин Эл артиси Болот Шамшиевге Түрксойдун Алтын медалы ыйгарылды. Бул тууралу Кыргызстандын "Түрксойдогу" уюмундагы өкүлү Кожогелди Кулуев билдирди. 

Болот Шамшиевдин Түрк дүйнөсүнүн кино тармагына кошкон салымы, эбегейсиз эмгеги эске алынды. "Түрксойдун" алтын медалы Болот Шамшиевге 17-ноябрь күнү Кыргыз киносунун 75 жылдык мааракелик салтанатында тапшырылат.

Буга чейин  "Түрксой" алтын медалына Кайыргул Сартбаева да татыган.