Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Дубай шаарына келди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Дубай шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-ноябрда, иш сапары менен Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) келди

Мамлекет башчысынын борту "Аль-Мактум" эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл аль Мазруэй тосуп алды.

Эскерте кетсек, Мамлекет башчысы БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат, ошондой эле БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт.