Жаңылыктар
Суунун, көлдүн булганышын алдын алуу
Кыргызстан жаңылыктары
Суунун, көлдүн булганышын алдын алуу

Балык уулоочу синтетикалык торлорду, суу жаныбарын электр тогу менен кармоочу системаларды өлкө аймагына алып кирүүгө тыюу салынды

Синтетикалык материалдардан жасалган балык уулоочу торлор бышык жана сууда дээрлик чирибейт. Ага кабылган балыктар чырмалып өлүп, чирий баштаганда суунун булганышына алып келет. Ушуга байланыштуу буга чейин эле мындай торлорду алып кирүүгө мыйзам менен тыюу салынган. Бирок, синтетикалык торлордун тизмеси аныктала элек жана бекитилген эмес болчу. Эми жаңы токулган токтом менен алардын тизмеси аныкталды. Документте балык уулоочу синтетикалык торлордун жиптеринин диаметри, торчолордун өлчөмдөрү так жана таасын жазылган.