Жаңылыктар
Балыкчыдагы УКМКнын жаңы имараты
Кыргызстан жаңылыктары
Балыкчыдагы УКМКнын жаңы имараты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Балыкчы шаардык бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди

Имарат заманбап жабдуулар менен толук жабдылып, бардык шарт түзүлгөн. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коопсуздук кызматкерлери эми натыйжалуу ишти камсыз кыларын айтты. Мындан тышкары улуттун наркын, адеп-ахлакты сактоо жана жаштардын терс жолго бурулушун алдын алуу максатында, жергиликтүү бийлик жетекчилерине сойкулукка каршы активдүү күрөш жүргүзүүгө тапшырма берди.