Жаңылыктар
Сот системасы паракорчулуктан арылсын
Кыргызстан жаңылыктары
Сот системасы паракорчулуктан арылсын

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупциялык иштерге активдүү катыштыгы бар Фемида өкүлдөрүнө жана сот системасындагы паракорчулукка каршы активдүү күрөш жүргүзүү зарылдыгын белгиледи

Бул Улуттук коопсуздук органдарынын дагы бир приоритеттүү милдети болуп саналат. Камчыбек Ташиев белгилегендей, учурда өлкөдө коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүрүп жатат. Бирок, сот системасында болгону 5 судья паракорчулукка байланыштуу кармалган. Ал эми миӊдеген соттук чечимдерди чыгарган фемида өкүлдөрү жактоочуларды көпүрө кылуу менен пара алып, жарандардын тагдырын чечкен учурлар арбын деди УКМК башчысы.