Жаңылыктар
Өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери
Кыргызстан жаңылыктары
Өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери

Минск шаарында КМШнын Аткаруу комитетинде Кыргызстандын Беларустагы элчиси, Кыргызстандын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Эрбол Султанбаевдин төрагалыгы алдында Шериктештикке мүчө-мамлекеттердин КМШнын уставдык жана башка органдарынын алдындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Кеңешинин жыйыны болду. Анда КМШнын алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Ошондой эле КМШнын Туруктуу өкүлдөр кеңешинин кезектеги жыйынын үстүбүздөгү жылдын 13-декабрында өткөрүү жана Кыргызстандын туруктуу өкүлү Эрбол Султанбаевдин «Кыргыз Республикасынын КМШга 2023-жылдагы төрагалыгынын жыйынтыктары жөнүндө» маалыматын угуу чечими кабыл алынды.