Жаңылыктар
Нарынга жемиштүү жыл болду
Кыргызстан жаңылыктары
Нарынга жемиштүү жыл болду

Быйыл Теңир-Тоо жергесинде өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 3 миллиард 432 миллион сомго жетип, өсүү темпи 112,6 % түздү

Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыл жыйынтыгын чыгарган пресс-конференциясында айтылды. Маалыматка ылайык, ушул жылы Нарын облусуна 2 млрд сом түз инвестиция тартылды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 168 эсеге көп. Ошондой эле быйыл чет элден келген туристтерден 49 млн сом киреше түштү.