Жаңылыктар
Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге Алматыдагы өрттөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты
Дүйнө
Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге Алматыдагы өрттөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Казакстандын Президент Касым-Жомарт Токаевге Алматы шаарындагы мейманканада чыккан өрттөн улам, ал жерде адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айткан телеграммасын жөнөттү. Анда "Өрттөн улам адамдардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул кырсыктын кесепетинен каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтам. Жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат телеграммада.