Жаңылыктар
Жалал- Абаддагы адам жүзүн тааный турган камералар
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал- Абаддагы адам жүзүн тааный турган камералар

Жалал-Абад шаарында адамдардын жүзүн тааный турган камералар иштей баштады. Жарандардын коопсуздугун камсыздоо, ар кандай кылмыш-кырсыктардын алдын алуу максатында шаарда 48 камера орнотулуп, ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 5,5 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. 

Акылдуу камералар калаанын эл көп жүргөн жерлерине, көчөлөрдүн кесилиштерине орнотулган. Алардын иштеп баштаганына бир жума болду. Бул убакыттын аралыгында издөөдө жүргөн 6 жаран ушул камералардын жардамында табылган.