Жаңылыктар
Садыр Жапаров климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитине катышуу үчүн “Expo City Dubai” борборуна келди
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитине катышуу үчүн “Expo City Dubai” борборуна келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-декабрда, Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираттары) климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин ачылыш аземине катышуу үчүн “Expo City Dubai” көргөзмө борборуна келди.

Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу астында өткөрүлүүдө. Бул жылы ага 70 миңден ашуун адам катышууда, анын ичинде 140тан ашуун өлкөнүн лидерлери да бар. Саммиттин катышуучулары климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин, парник газдарын чыгарууну азайтуу аракеттерин жана башка актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Иш-чарага келген делегация башчыларын БАЭ Президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты.

Салтанаттуу тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.

Андан соң Президент Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментинде улуттук билдирүү жасайт.