Жаңылыктар
УКМК сойкукана уюштурууга көмөк көрсөткөн мурдагы акимди кармады
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК сойкукана уюштурууга көмөк көрсөткөн мурдагы акимди кармады

Чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана уюштурууга көмөк көрсөткөнү үчүн мурдагы аким жана ири ишкер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана уюштуруу фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында экс-акимдин ал ишке тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Экс-аким сойкукана уюштуруу жана жайгаштыруу үчүн имарат бергени аныкталды. Топтолгон материалдардын негизинде ал кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.